www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-апрелде УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын имаратында облустун прокуратурасы, ички иштер башкармалыгы, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана казыяттын өкүлдөрүнүн катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кеңешменин жыйынтыктары боюнча мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу жана анын талаптарын бузууга жол бербөө үчүн биргелешкен иш-чаралар планы түзүлгөн.

«Көрсөтүлгөн мыйзамдын талаптарына ылайык, коомдук жайларда “никабтарды” кийүүгө тыюу салынып, 20 миң сом айып пул каралган. Бирок айрым жарандар аталган мыйзам талаптарына баш ийбей жүрүшөт.

Мыйзам бузуунун алдын алуу үчүн укук коргоо органдары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Иш-чаранын алкагында жарандарга эскертүү берилип, коомдук жайларда никаб кийбөөгө чакырылды. Өз учурунда жарандар мыйзамдын талаптарын түшүнүү менен кабыл алышты»,- деп айтылат маалыматта.

Последние новости