www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги ишинин кызыкчылыктарын саткан кызматкерлерге жана жемкорлукка баргандарга каршы күрөш жүргүзүп жатканын билдирди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
"Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ИИМинин Ички иликтөө кызматынын алдында маанилүү милдеттер турат – коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жарандарды милиция кызматкерлеринин укукка каршы аракеттеринен коргоо жана башкалар.
ИИМдин системасында коррупционерлерге, кызматтын кызыкчылыктарын саткандарга каршы күрөш жүргүзүлүүдө. Министрликтин жетекчилигинин коррупцияга болгон мамилеси эч качан өзгөрбөйт - мыйзам бузуучулар мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартылат. Бул ИИМдин принципиалдуу позициясы", - деп айтылат маалыматта.
"Сиз милициянын мыйзамсыз иш-аракеттерине дуушар болдуңузбу? Сизге арызыңызды кабыл алуудан баш тарттыбы? Акча каражатын талап кылуудабы? Коркутуудабы? Шантаж кылуудабы?
Тез арада ИИМдин Ички иликтөө кызматына билдириңиз: 0704 99-99-18.
Ички иликтөө кызматы ыкчам, ар тараптуу, калыс иликтөөнү камсыз кылат", - деп коомчулукка кайрылуу жасашты.
Ошондой эле, аталган кызматтын кызматкерлери Кыргызстандын милициясынын ишмердүүлүгүндө адамдын укуктарынын бузулганын аныктоо, бөгөт коюу жана жол бербөө үчүн ыкчам алдын алуу иштерин ар дайым жүргүзүп келет.
Булак: NazarNews.kg