www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин тааныйт, бирок Донецк жана Луганск Республикаларын тааныбайт. Бул тууралуу Олий Мажлис Сенатынын 24-пленардык жыйынында сөз сүйлөгөн тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов билдиргенин Kun.uz маалымат агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Украинанын айланасындагы кырдаал Өзбекстанды олуттуу тынчсыздандырууда. Өзбекстан кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүнү жактайт. Ал үчүн биринчи кезекте аскердик аракеттерди, зордук-зомбулукту токтоосуз токтотуу керек.
"Өзбекстан тарыхта Орусия жана Украина менен көп кырдуу мамиледе болгон. Биз улуттук кызыкчылыктарыбыздын негизинде эки өлкө менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантабыз. Украинага азыркы оор кырдаалга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантабыз", - деп билдирген Камилов.
Ошондой эле, "Өзбекстан Республикасы Украинанын көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн тааныйт. Бирок, Донецк жана Луганск Элдик Республикаларын тааныбайт”,-деди Камилов.
Булак: NazarNews.kg