www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда төрт айга созулган республикалык «Арсенал» рейдинин жүрүшүндө милиция кызматкерлери 300дөн ашык ок атуучу курал чогултту. Бул тууралуу маалымат жыйынында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Уран Шамбетов билдирди.
Ири масштабдагы текшерүүлөр жарандардын жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында, жайкы туристтик сезон жана мамлекеттик маанидеги маанилүү иш-чаралардын алдында жүргүзүлгөн.
Анын айтымында, алынган куралдардын көпчүлүгүн аңчылыкка арналган, жылмакай стволдуу жана травматикалык куралдар түзөт.
Куралдардын бир бөлүгү аларды мыйзамдуу түрдө сактап жүргөн жарандардан алынган. Бирок алар куралды сактоо боюнча белгиленген эрежелерди жана мөөнөттөрдү бузушкан.