www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Ленин райондук соту мурдагы президенттин кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун баш коргоо чарасын карап, аны 17-июлга чейин камакка алды. Отурум 22-майда болуп, судья Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кубандыковдун камакка алынганын 21-майда жарыялаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал жана А.К.Т. аттуу жаран чет элдик инвесторлорду алдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп шектелүүдө.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, ошондой эле ушуга окшош башка фактыларды табуу боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кубандыковдун адвокаттары, тарапташтары жана туугандары мурдагы президенттин кеңешчисинин камакка алынышы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Последние новости