www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи май РИИБдин кызматкерлери каракчылык кылган шектүүнү кармашты, деп билдирди райондук милициянын басма сөз кызматы. 10-январь күнү милицияга кайрылган жаран таңкы саат 7лерде белгисиз жаран 13 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алганын билдирген.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1993-жылы туулган С.Э кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефон табылып, далил катары алынды. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы аныкталды. 

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(707) 71-71-14 жана 102 номурларына кабарлап коюуга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости