www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орус президенти Владимир Путин менен түрк лидери Режеп Тайип Эрдогандын жолугушуу датасын дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылып жатат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.
“Путин менен Эрдогандын ортосунда ар дайым диалогго муктаждык бар жана алар жолугушууга макул болгонун билесиз. Путин өзү "Түркияга барам" деп айткан. Биз жөн гана убакытты койдук. Датасы азырынча тандала элек. Дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашып, эртеби-кечпи бул диалог болот", - деди Кремлдин өкүлү.
Песков мындай карым-катнаштардын эң оболу Орусия менен Түркиянын эки тараптуу карым-катнаштары жагынан маанилүү экенин белгиледи.
"Керек болсо, алар абдан тез чала алышат. Мындай пландар түз маанисинде сааттарда ишке ашат", - деп жыйынтыктайт Песков.
Маалымат үчүн айта кетсек, Эрдоган менен Путин акыркы жолу былтыр сентябрда Сочиде жолугушкан.
Эске сала кетсек, буга чейин Эрдогандын администрациясы эки мамлекет башчыларынын жолугушуусу күтүлүп жатканын билдирген. Серепчилердин айтымында, лидерлер Жакынкы Чыгыш, Израил менен Хамастын ортосундагы жаңжал, Кара деңиз кысыктарына байланыштуу маселелерди талкуулашат.
Булак: NazarNews.kg