www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында милиция кызматкерине орой мамиле жасап, коркутуу мүнөзүндөгү сөздөрдү айткан айдоочуга карата административдик чара көрүлдү.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 4-августунда Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Гагарин жана Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда унаанын алдыңкы каптал айнектери мыйзам талаптарына ылайык келбеген түрдө караңгылатылганы аныкталган.

Кызматкер менен сүйлөшүү маалында айдоочу — 1974-жылы туулган М.С. өзүн агрессивдүү алып жүрүп, орой сөздөрдү айтып, коркутуу мүнөзүндөгү билдирүүлөрдү жасаган.

Бул факты боюнча жаран Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлдү. Материалдар сотко жөнөтүлөт.

Последние новости