www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумгал районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, милицияга Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2023-жылдын октябрь-ноябрь айларында мал сатып берүү шылтоосу менен жаран анын жалпы баасы 1 миллион 510 миң сомду түзгөн 95 баш козусун, 21 баш коюн, эки баш кунанын, бир баш уйун жана дагы үч баш кунанын алып кеткенин билдирген.

Арыз ээсинин айтымында, шектүү жалпы сумманын 466 миң 800 сомун гана төлөп берип, калган 1 миллион 43 миң 200 сомун ар кандай шылтоолор менен төлөбөй, изин жашырып жүргөн.

Аталган факты боюнча Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 1987-жылы туулган тургуну С.З. кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш фактыларына тиешеси бар же жок экенин аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости