www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте чет өлкөлүк жаран милиция кызматкерине 100 миң сом пара берүү учурунда кармалды.
Маалыматка ылайык, 2-августта караоке-клубдардын биринин жанында болгон мушташтан кийин бир нече чет өлкөлүк жарандар майда бейбаштык фактысы боюнча жоопкерчиликке тартылган. 4-августта сот алардын ар бирине үч суткага административдик камак жазасын дайындаган.
Соттон кийин кармалгандарды коштоп бара жаткан учурда алардын өкүлү катары тааныштырган чет өлкөлүк жаран милиция кызматкерине административдик камактан бошотуп берүү үчүн 100 миң сом сунуштаган. Ал буга чейин да милиция кызматкерлерин мыйзамсыз аракеттерге азгырып, акча сунуштап жүргөнү аныкталган.
Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө 1982-жылы туулган С.Ч. акча берүү учурунда кармалган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси («Пара берүү») менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.