www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муза, скажи мне о том многоопытном муже, который,

Странствуя долго со дня, как святой Илион им разрушен,

Многих людей города посетил и обычаи видел,

Много и сердцем скорбел на морях, о спасенье заботясь

Жизни своей и возврате в отчизну сопутников; тщетны

Были, однако, заботы, не спас он сопутников: сами

Гибель они на себя навлекли святотатством, безумцы...

(Гомер “Одиссея”)

Улуу автор — биринчи кезекте улуу окурман

Эч качан автор вакуумдан жаралбайт, жөн жерден чыга калбайт. Ал сөзсүз түрдө бир маданий/тарыхый контексттин алкагында пайда болуп, өзүнө маданияттын уюткулуу жана негизги кубулуштарын камтып алат. Так ошол маданиятты өзүнө канчалык терең сиңире алса, ошого жараша автордун өзүнүн айта турган ою да олуттуу болот, баяндоо ыкмасы да эстетикалык жактан жагымдуу болот. Бул режиссёрлорго, сүрөтчүлөргө жана композиторлорго да тиешелүү. Билимдүү болбой туруп искусстводо жаңы сөз айтуу мүмкүн эмес.

Гомер Европа цивилизациясы үчүн фундаменталдык ролду ойнойт. Жалпысынан алганда, Европа цивилизациясы эки чоң компоненттен турат: байыркы гректер жана Рим империясынын мурасы (лат. — antiquus) жана христиан дини. Байыркы доордун эң даңазалуу, эң башкы өкүлү “Илиада” жана “Одиссея” поэмаларынын автору делген легендарлуу аэд Гомер (б.з.ч. VIII–VII кк.) болсо, христиан дининин жүрөгү – Библия, тагыраак айтканда Иисус Христостун (кырг. — Ыйса Машаяк) окуясын баяндаган 27 китептен турган христиандык Ыйык Китептин экинчи жана акыркы бөлүгү болгон Жаңы Осуят. Мына ушул эки булак – Гомер жана Библия – Европанын жүрөгү. Ушуларды окуп түшүнө билген адам гана Европа цивилизациясын маңызын, анын маданиятынын өзгөчөлүгүн түшүнө алат.

Мындай преамбула менен эссемди баштаганымдын себеби, Батыштын 21-кылымдагы көрүнүктүү кинорежиссёру Кристофер Нолан өйдө жакта атап кеткен тээ байыркы акын Гомердин “Одиссея” поэмасына кол салууга батынды! Кудайя тобо! Бул кадамга барыш үчүн же чыныгы улуулуктун үлгүсү болгон дөө-шаа акын Гомерге конгениалдуу, ага тете ойчул/сүрөткер болуш керек, же текебер, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө ашыкча ишенген, менменсинген мээ кайык, көк мээ, көр болуш керек. Үчүнчү вариант жок.

Антейин десең, Ноландын экрандаштыруусун көргөн соң аны мээ кайык дегенге да тил барбай турат. Бир жагынан алганда, тасманын визуалдык жетишкендиктерин моюнга албай коюуга болбойт. Деген менен, жеке мага, Гомердин чыгармаларын окуган адамга, бул фильм жагымсыз сезимдерди калтырды. Бирок бул тууралуу төмөндө кененирээк сөз болсун. Кеп кезегин “Одиссеяга” буруп, ал поэма маданиятта эмне феноменди жараткандыгы жөнүндө, жана Ноландын интерпретациясы кандай философиялык ойду (message) камтыыры тууралуу кыскача айта кетсек.

Лакапка айланган Одиссейдин аты

Гомердин "Одиссеясы" европалык адабияттын пайдубалын түптөп, ага бир нече негизги элементтерди киргизген: a) Саякатчынын/издөөчүнүн архетибин; b) “Үйгө кайтуу” концепциясын (гректер “ностос” термини менен белгилешет); c) Жалпы эле дүйнөлүк маданияттагы “айлакер” каармандын (трикстер) образын бир аз татаалдаштырып, аны таза мифологиялык чектерден чыгарып, адамдык, психологиялык жана жекелик мүнөзгө ээ болгондугун артыгыраак чагылдырган. Ушул компоненттер каарманды жаңыча бийик деңгээлге көтөргөн.

Албетте, “Одиссеяга” чейин миңдеген жылдар мурун эле трикстер архетиби дүйнө элдеринин маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгон. Мурун-кийин саякат жана үйгө кайтып келүү темасы бүткүл дүйнө эпосторунан, романдарынан жана жомокторунан оорун алган: “Гилгамеш жөнүндө дастан”, “Пополь-Вух”, “Рамаяна” жана “Махабхарата”, “Улуу Эдда” жана “Кичүү Эдда”, “Батышка саякат” (У Чэн-энь), “Эр Төштүк”, “Шах-наме” (Фирдоуси),  ж.б. Ошентсе да, так ушул Одиссейдин аты лакапка айланып, “одиссея” деген сөз ар кандай узак жана оор сапарды билдирип калды.

Искусство тарыхында Одиссейдин мураскерлерин эске сала турган болсок, тизмебиз түгөнгүс болуп калат, анткен менен алардын арасынан эң маанилүү чыгармалардын аттарын атап кетпесек да болбойт: “Энеида” (Вергилий), “Деңизчи Синдбад” (“Миң бир түн китеби”), “Жаратканга арзыган комедия” (Данте), “Гаргантюа жана Пантагрюэль” (Рабле), “Робинзон Крузо” (Д. Дэфо) “Гулливердин саякаттары” (Ж. Свифт), “Моби Дик” (Г. Мелвилл), Жюл Верндин илимий-фантастикалык романдары, “Караңгынын жүрөгү” (Ж. Конрад), “Улисс” (Ж. Жойс), “Авантюрист Феликс Крулдун мойнуна алуулары” (Т. Манн), “Мен көз жумуп бара жатканда” (Фолкнер), “2001: космостук одиссея” (Кубрик), “Апокалипсис бүгүн” (Коппола), “Улисстин көз карашы” (Т. Ангелопулос), “Кайдасың, бир тууганым?” (Коэндер) жана толгон токой башка чыгармалар.

Хорхе Луис Борхес дүйнөлүк адабиятта жана мифологияда болгону төрт эле түбөлүктүү сюжет бар деп эсептеген:

  1. Шаарды курчоо
  2. Үйгө кайтуу
  3. Издөө
  4. Кудай сымал жандыктын өзүн өзү курмандыка чалуусу

Борхестин айтымында универсалдуу сюжеттик линиялар кайталана берет. Болгону төрт окуя болгондуктан, ал баардык чыгармалар ошол төрт сюжеттин эле вариациялары деп санаган. Бул тууралуу “Төрт цикл” аттуу эссесинде төмөнкү сөздөрдү жазган: “Канча убакыт өмүрүбүз калбасын, биз аларды [окуяларды] ар кыл формада кайра-кайра баяндай беребиз”.

  • Шаарды курчоо - бул баяндоонун эң байыркы түрү. Анын маңызы мындай: шаар душмандардын чабуулуна кабылат, жана коркпогон тургундар жандарын аябастан аны коргошот. Алар салгылашуудан аман калышпайт. Башкы каарман жеңишти көрбөй туруп өлөрүн билет. Мисал: “Илиада”.
  • Үйгө кайтуу. Тентип жүргөн же жоголгон адамдын өз кыртышына кайтып келүүсү, анын узак жана татаал сапары. Мындай чыгарманын башкы каарманы өз үйүнө кайтуу үчүн көптөгөн тоскоолдуктарды жеңет. Мисал: “Одиссея”.
  • Издөө. Адабиятта издөө ар кандай формада чагылдырылат: кайсы бир каармандар өздөрүн издесе, башкалары кызыктуу кенчтерди, артефакттарды, акыйкатты издешет. Бул дайыма кол жеткис максатка жетүү үчүн кооптуу сапар болуп чыга келет. Мисалдар: Аргонавттар жөнүндө миф, Ыйык Граалды издөө, “Моби Дик”.  
  • Кудай сымал жандыктын өзүн өзү курмандыка чалуусу. Бул жерде башкы каарман өзүнөн жогору болууга, жашоонун маанисин түшүнүүгө, дүйнөнү сактап калууга умтулат жана улуу жыргалчылык үчүн өзүн курмандыкка чалууга даяр. Мисалдар: Иисустун айкаш жыгачка кадалышы жөнүндөгү библиялык миф жана Скандинавия мифтериндеги Балдердин өлүмү.

Демек, Борхеске таянсак, “Одиссея” поэмасы төрт сюжеттин экинчисине ылайык келет экен. Андыктан, буга чейин чыгармачылыгында Борхеске кайрылып келген Нолан (“Башталышы” к/ф), бекеринен Гомердин чыгармасын экрандаштырган жери жок.

Байыркы сюжет аркылуу 21-кылымда жашап жаткан адамдын экзистенциалдык көйгөйлөрүн чагылдыруу

Негизинен алганда, Батыш илиминде, маданиятында, искусствосунда байыркы гректердин уламыштарын жана мифтерин эксплуатациалоо бул илгертен келаткан табигый көрүнүш. Ар кайсы чөйрөдө бир нерсеге ат коюуда адамзаты сөзсүз байыркы доорго кайрылып келет. Таш ыргытсаң эле байыркы гректерден алган аталыштарга барып тийет. Майдалап отурганда не, космос, жаратылыш, илим, медицина, фармацевтика, деги койчу, бизди курчаган нерселердин бардыгынын аты-жөнү же байыркы грек тилинен, же латын тилинен алынган болуп чыгат.

Муну айтып атканым, белгилүү психоаналитик Зигмунд Фрейд психоанализде ачылыш жазаса да аны “Эдип комплекси” же “Электра комплекси” деп атап коёт; Фридрих Ницше философия тармагында ачылыш жазаса да аны “Аполлон башаты”, “Дионис башаты” (“Музыканын рухунан трагедиянын жаралышы”) деп атап коёт; Жеймс Жойс адабиятта ачылыш жасап, 20-кылымдын эң негизги модернисттик романын жазса да ага “Улисс” (Одиссейдин латынча аталышы) деген ат берет; Альбер Камю тарыхтын абсурддугун тастыктаган философиялык эссе жазса да аны “Сизиф жөнүндөгү миф” деп атап коёт; Керек болсо заманбап спорттук турнирге да Олимпиадалык оюндар деген ат берилген.

Байыркы Грециянын мифологиясын кайрадан чечмелеп чыккан ойчулдардын катарына кошулуп, Нолан дагы азыркы апааттуу доорду чагылдырууда, салтты бузбай, байыркы грек мифологиясына кайрылып отурат. Албетте, жөн жерден кайрылган жок.

Нолан өзүнүн “Одиссеясын” согушка каршы чыгарма катары жаратты. Экранда байыркы доордун антуражы болгону менен, албетте, кеп азыркы мезгил жөнүндө жүрүп жатканын биз, көрүүчүлөрү, жакшы түшүнүп турабыз. Алаамат заманда туш тараптан согуш каптап турган кезде Нолан а дегенде “Оппенгеймерди” тартты, андан соң мынтип Гомердин сюжетине кайрылып отурат.

Француз экзистенциализминин көрүнүктүү өкүлү Альбер Камю кезинде: "Акыреттик Сотту күтпө. Ал ансыз деле күн сайын болуп туру", "Мен аны [Акыреттик Сотту] коркпой күтөм, анткени андан да коркунучтуу нерсени башымдан өткөрдүм: адамдардын сотун", деп жазган эле.  

Ноландын Одиссейи согуштун каргышы тийген, ырайымсыз кылмышы үчүн өзүн өзү соттогон адам. Ал өзүнүн жанын жана жоокерлеринин өмүрүн сактап калуу үчүн коркунучтуу тоскоолдуктардан өтөт: циклоп Полифем, каардуу Посейдон, сиреналардын өлүмгө азгырган ырлары, кууш кысыктагы эки коркунучтуу деңиз желмогузу Сцилла жана Харибда, сыйкырчы Цирцея, эс тутумдан ажыраткан лотос гүлүн жедирип Одиссейди өзүнүн Огигия аралында жети жыл кармаган деңиз нимфасы Калипсо.

Бирок Одиссей үчүн булардан да коркунучтуу сот – өз абийири. Гректер (ахейлер) Троя шаарын басып ала албай, 10 жыл шаарды курчоого алып, андан майнап чыгара алышпай кыйналышат. Троялыктар баскынчылардын айлаларын кетирип, кыйла түйшөлтөт. Натыйжада айлакер Одиссей амалкөйлүгүнө салып, Троя атын ойлоп таап, түңүлгөн гректерге дем берип кетет. Одиссейдин зор аты Трояны кулатып, гректерге жеңишти алып келет. Гректер Троянын тургундарын болуп көрбөгөндөй мыкаачылык менен өлтүрүп, шаарды өрттөп тим болушат.

Өз абийиринин сотунун алдында өзү соттолуучу болгон Ноландын Одиссейи көбүн эсе Гомердин эмес, Камюнун каарманы сыяктуу сезилет. Адамдын моралдык жактан кулашы/төмөндөшү (падение) жана андан кийинки өзүн өзү аңдоосу (саморефлексия) экзистенциализмдин негизги темаларынын бири эмей эмне.

Ал учурда Одиссей падышалык кылган Итака аралында, анын жубайы Пенелопага жана Итака падышалыгына көз арткан эрлер, Одиссейдин дайыны жок жоголгонунан пайдаланышып, сарайын курчоого алып, үйүн, мал-мүлкүн талап-тоношот. Күндө майрам, күндө той болуп шаан-шөкөттөн колдору бошобогон жагымсыз коноктор күн сайын эң мыкты букаларды, койлорду жана эчкилерди союп, үй ээсинин шарабын ичип, көңүл ачып турушат. Алар Пенелопага кысым көрсөтүп, арасынан бирөөнү тандоону талап кылышып, Одиссейдин жаш уулу Телемахты коркутууга аракеттенишет. Ханыша аларды үч жыл бою алдап, кепинин бүтүргөндө күйөө тандайм деп убада берет, бирок ар бир түнү күндүзгү аткарган жумушун түнүчүндө кайра өзү бүлдүрүп/жандырып коюп отурат. Одиссей үйүнө саякатчы болуп таанылбай келип, душмандардын пландары жөнүндө билип, уулунун жана өзүнө берилип кызмат кылгандардын жардамы менен кыргынды ишке ашырат. Майрам учурунда Одиссей сарайдын эшиктерин бекитип, бардык эрлерди жаасы менен атып өлтүрүп, үйүн баскынчылардан тазалайт.

Тасманын аягында Итаканы уулу Телемахка тапшырышып, Телемахты Кудайга тапшырышып, жубайы Пенелопа экөө согушта жана саякат учурунда курман болгон жолдошторунун элесин эскерүү үчүн батышты көздөй саякат/сүргүнгө (символикалык) жөнөшөт. Одиссей кан төккөндүгү жана кудайлардын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кечирим сурашы керектигин жарыялайт, андан соң Пенелопа менен бирге кемеде сүзүп жөнөшөт.

Окуянын соңунда Нолан көрүүчүгө, кандай гана оор учур болбосун, жан дүйнөнү куткарууга жана жаркын келечекке болгон үмүттү өчүрбөөгө үндөгөндөй туюлат.

Гомерди Нолан татыктуу деңгээлде экрандаштыра алдыбы?

Менимче – жок. Албетте, техникалык жактан алып караганда Нолан өз командасы менен биргеликте керемет жарата алды десем жаңылышпасам керек. Натурализм тасмада өтө бийик деңгээлге көтөрүлө алган. Бул жерде операторго (Хойте ван Хойтема), үн режиссёруна жана деги эле үн боюнча адистерге (Ричард Кинг, Крейг Хениган, Бобби Йохансон, Майя Тоффлер ж.б.) алкыш айтаар элем. Сүрөтчүгө болсо бир суроом бар. Рут де Йонгдун абдан таланттуу адис экени шексиз. Аниматрониканы колдонуу аркылуу таасирдүү натыйжага жетишүүсү (бирок, чынын айтсам, ошого карабастан, жеке мага эски болсо дагы “Кариб деңизинин каракчылары” жана “Шакектердин ээси” тасмаларынын анимациясы кыйла эсе жагымдуураак), Троя атын натуралдуу кылып жасалышы, шаардын декорациясынын курулушу, баары жакшы дейли, бирок, ага карабастан, гректер 10 жыл бою курчаган Троянын мунаралы, дубалдары, дарбазасы не деген шумдук болуп калган?! Ыя айланайын, ушундай дарбазаны да 10 жыл курчачу беле?! Уят деген болуш керек да! Бу авторлордун билими, аң-сезими, логикасы ушул жерге келгенде өргүүгө кетип калганбы?! Мындай дубал, мындай дарбаза ар бир айылда ар бир кыргыз дыйкандарынын үйүн тосуп турат! Ушундай тосмону 10 жыл бою аттап болобу, талкалап болобу кире албаган гректер жөнүндө ушунча пафостуу кино тартуунун кажети бар беле?! Буларга караганда “Троя” тасмасы үчүн Петерсен дубалдар менен дарбазаны 22 жыл мурун керектүү деңгээлде курган экен, кайран киши!

Эми кемелер жөнүндө эки ооз сөз. Ушунча долбоор болуп жаткан соң дракарларды колдоңгондон уялып пентеконторлорду атайы куруп болсо да колдонсо болмок экен. Рожер Кормандын Б категориясындагы (B-movie) тасмасы тартылып жатса мейли дейт элем.

Кийинки маселе – каст. Мен өзүм демократиялуу көз караштагы адам болсом дагы, мага учурдагы Голливуд киносундагы “чаржайыт модасы” жакпай келет. Ушунча бүжет кетирип кино тартып аткан соң, ушунча натурализмге басым жасап аткан соң аягына чейин басым жаса да! Троялык Елена, Чүрөк делген Елена, алгач Спартанын ханышасы, андан соң Троянын ханышасы болгон Елена, улуу согуштун башталуусуна себепкер болгон Еленага ылайыктуу бир актриса табылган жокпу, кокуй?! Бу не деген шумдук! Мен Лупита Нионгону жакшы көрөм, ал ажайып актриса, бирок — Троялык Елена!.. Кичине башты иштетүү керекго дейм. Нолан таптакыр эле конъюнктурщик болуп кеткенби, билбейм. Байыркы акындын ролун болсо рэпер Трэвис Скоттко берип койгон экен! Бир эпизоддо болсо кара түстүү жоокер “биз грекбиз!” деп атат. Бул не деген классикага карата пастык мамиле (фамильярничание)?! Кемечинин ролун азиат актёр ойногон экен. Азиатты киносуна кошпой койсо, азиат катары мен, мисалы, эч таарынбайт элем.

Мисал катары, Жоэл Коэндин “Макбеттин трагедиясы” тасмасын ала турган болсок, ал жерде бардыгы шарттуу түрдө берилгендиги баса белгиленген: телевидениеге эле улуу актёрлордун аткаруусунда монологдорду жаздырып койгондой таасир калтырат. Кино мага аябай жакпаса деле, эксперимент катары салыштырмалуу кызыктуу болгон.

Ноланга өзгөчө талап коюп жатканымдын себеби, ал “Одиссеяны” натуралдаштырып тартканы көрүнүп турат.

Каст боюнча улантсак. Мэтт Деймон чыгаан актёр, Энн Хэтэуэй, Том Холланд, Роберт Паттинсон, Саманта Мортон мыкты актёрлор. Баардыгы жакшы ойношкон. Зумерлердин символу болгон Зендея үлкөн актриса, бирок андан Афина Палладаны көрө алган жокмун. Шарлиз Терон сонун актриса, бирок Калипсонун ролу үчүн жаш курагы өйдөлөп кеттиго дейм.  

Ошону менен резюмелесек: техникалык жагын алып караганда “азаматтар!” дээр элем, мазмунун алганда да мыкты концептуалдуу сценарий жазылган, көркөм чагылдыруу маселесине келгенде тасма ийгиликсиз болду деп эсептейм.

Нолан, сыягы, Кубрикти cosplay кылат (туурайт) окшойт. Кубрик ар түрдүү жанрды багынта алган режиссёр болчу: илимий-фантастика, хоррор, саясий сатира, антиутопия, согуш жөнүндө кино, пеплум, тарыхый костюмдаштырылган кино ж.б.

Мен үчүн Нолан Түштүк Кореялык режиссёр Пон Джун Ходой — эң мыкты тасмаларында гениалдуу режиссёр болуп көрүнөт, а ортозаар же ийгиликсиз тасмаларында алсыз көрүнөт.

Кандай болгон учурда да Ноландын “Барри Линдону” болбой калды окшойт. Андыктан Ноландын Гомердин улуу поэмасынын экрандаштыргандагысы татыктуу болду деп айта албайм.

Гомердин «Одиссея» поэмасынын В.А. Жуковскийдин орусча котормосундагы баштапкы саптары. Кыргыз тилине болжолдуу котормосу: Муза, мага ошол көптү көргөн, көп жерди кыдырган эр жөнүндө айтып берчи;/Ыйык Илион (байыркы Троя шаарынын экинчи аты) кыйратылгандан бери узак жол жүрүп,/Көп элдердин шаарларын кыдырып, алардын каада-салтын көргөн,/Ал деңиз үстүндө өз жанын жана жолдошторун аман алып калууга умтулуп,/Жүрөгүндө көп азап тарткан; бирок анын аракети текке кетти,/Анткени ал жолдошторун сактап кала алган жок: алар өздөрү/Эси жоктор ыйык нерсени тебелеп-тепсөө менен өлүмгө дуушар болушту...

Автор: Улук Уракунов — философ, публицист

 

 

Последние новости