www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оор кылмышка шектүү жаран изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер органдарына Сокулук районунун социалдык кызматкери арыз менен кайрылып, анда ушул жылдын башында жашы жете элек кыз зордукталганын билдирген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка өзүн "Турат"деп тааныштырган адам шектелүүдө. Маалыматка ылайык, изделип жаткан адам 1979-жылы туулган Жумаев Турат Касымович деген ысымды колдонушу мүмкүн экени аныкталды.
Учурда анын дарегин аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Изделип жаткан адам тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды тез арада жакынкы милиция бөлүмүнө же 102 кыска номерине жана 0501935534, 0313266261 номурларына билдирүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Анонимдүүлүк жана сыйлык акы кепилденет.