www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын өкмөтүнүн сайтына жарыяланган билдирүүдө Германия, Франция жана Улуу Британиянын лидерлери Ирандын Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөргө жасаган чабуулдарына жооп катары аскердик кийлигишүүгө аргасыз болушарын эскертишти.
- “E3” өлкөлөрүнүн лидерлери Ирандын аймактагы мамлекеттерге, анын ичинде АКШ менен Израилдин баштапкы аскердик операцияларына катышпаган өлкөлөргө карата жасаган ылгабай жана ченемсиз ракеталык чабуулдарына нааразы. Ирандын ойлонулбаган соккулары биздин эң жакын өнөктөштөрүбүзгө багытталып, аймактагы аскер кызматкерлерибизге жана жарандык калкка коркунуч жаратууда.
Биз Иранды бул ойлонулбаган чабуулдарды дароо токтотууга чакырабыз. Биз аймактагы өз кызыкчылыктарыбызды жана союздаштарыбыздын кызыкчылыктарын коргоо үчүн чараларды көрөбүз. Зарыл жана ченемдүү коргонуу чараларын көрүү аркылуу Ирандын ракеталарды жана учкучсуз учактарды учуруу мүмкүнчүлүгүн алардын булагынан жок кылуу аракеттери каралышы мүмкүн, - деп айтылат билдирүүдө.