www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында коомдук жайларда, көчөлөрдө жол кыймылына тоскоол жаратып, Орозо айында жарамазан айткан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рейддик иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Анын алкагында түндө көчөдө жүргөн балдарга, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилүүдө. 

Белгилей кетсек, рейд иштери 28-февралдан 3-мартка чейин улантылып, шаардын бардык аймагы текшерүүгө алынат. 

Ош шаарынын мэриясы калаа тургундарына кечинде балдарынын көчөгө чыгуусун көзөмөлдөп, коопсуздугун камсыз кылууга чакырат. 

Последние новости