www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда 2 энергетикалык обьект курулат

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин аймактардагы эскирген энергообьектилердин административдик имараттарын жаңылоо боюнча берген тапшырмасына ылайык, Аксы РЭТинин Кербен бөлүмүнүн жана Токтогул РЭТинин Үч-Терек бөлүмүнүн административдик имараттары жаңыланып, заманбап талаптарга жооп берген жаңы имарат курулат.

Аталган обьектилердин курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталып, ноябрь айында аяктайт. Негизги каражат  «КУЭТ» ААК тарабынан жалпы 16 млн сом өлчөмүндө каржыланат.

Бул эки жаңы имаратты куруу демилгеси 
Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан көтөрүлүп, 2026-жылдын пландуу иш-чаралар мерчемине киргизилген. Азыркы тапта курулуш иштерине байланыштуу тендер жарыяланып, долбоорлор такталып, уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы курула турган имараттар кызматкерлер үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүп, керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана энергетика тармагындагы техникалык базаны бекемдөөгө өбөлгө болот.

Мындан тышкары Чаткал район электр тармактар ишканасынын жаңы 2 кабаттуу административдик имаратынын курулушу өткөн жылы башталган. Курулуш иши үстүбүздөгү жылдын июнь айына чейин аяктап, пайдаланууга берилет. Эске салсак Чаткал РЭТинин эски административдик имараты айыл ортосунан өткөн дарыянын жээгинде жайгашып, имарат авариялык абалда болгон.                    Керектөөчүлөр үчүн байланыш:
105
0772 00 12 09
0556 00 12 09
WhatsApp: 0702 00 12 09
 

Последние новости