www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Перс булуңундагы өлкөлөр Бахрейн, Катар, Кувейт, Бириккен Араб Эмирлиги, Оман жана Сауд Арабиясы Ирандын кол салууларына жооп берүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Бул тууралуу биргелешкен жыйындын жыйынтыгында жарыяланган билдирүүдө айтылат.

«Министрлер кеңеши Ирандын Кеңеш өлкөлөрүнө карата негизсиз агрессиясын эске алып, алар өздөрүнүн коопсуздугун жана туруктуулугун, ошондой эле аймактарын, жарандарын жана аларда жашаган адамдарды коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөөрүн, анын ичинде жооп кайтаруу укугун да ырастады», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Улуу Британия, Германия жана Франциянын бийлиги Иран Жакынкы Чыгыштагы союздаштарына кол салууну токтотпосо, аскердик күч колдонууга даяр экендигин билдиришкен.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы аскердик операция баштап, Иран Израилге жана америкалык аскердик базалар жайгашкан Перс булуңун өлкөлөргө сокку уруу менен жооп Бөлүшүү кайтарган.

Последние новости