www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы Бишкек шаарынын бардык тургундарын жана айдоочуларын келе жаткан Жаңы 2026-жыл менен чын дилинен куттуктайт.
Майрамга карата МККБнын кызматкерлери өзгөчө символикалык иш-чара уюштуруп, «2026» деген сан түрүндө сапка тизилишти. Бул иш-чара жарандарга болгон сый-урматтын белгиси болуп, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат тынымсыз уланып жатканын айгинелейт.
МККБ шаар тургундарына жол эрежелерин сактагандыгы, түшүнүү жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет. Жаңы 2026-жыл ар бир үйгө тынчтыкты, бакубатчылыкты, ден соолукту жана жолдордо коопсуздукту алып келсин.