www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы жыл майрамдарынын алдында жана эс алуу күндөрү жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөндүктөн, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти шаарлар аралык автобустук каттамдарды үзгүлтүксүз камсыздап жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Автобустар жетиштүү санда уюштурулуп, билеттердин тынымсыз сатылышы жана жол кире акыларынын негизсиз көтөрүлбөшү көзөмөлдөнүүдө. Бул максатта аймактык башкармалыктар автобекеттерде нөөмөт уюштуруп, көзөмөл жүргүзүүдө.
22-декабрдан тартып Бишкек автобекетинен Ысык-Көл, Нарын жана Талас багыттарына 364 пландуу каттам каралган.
Мындан тышкары, 101 автобус кошумча рейстер үчүн резервге коюлган. Ушундай эле резервдеги автобустар 2026-жылдын 8–12-январы аралыгында да колдонулат.
Республиканын бардык аймактарында жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу жана жол киренин негизсиз көтөрүлүшүн болтурбоо боюнча ташуучуларга жана автобекеттерге эскертмелер берилип, алардын аткарылышы көзөмөлдө турат.