www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас шаарынын тургуну 6-класстын окуучусу Бекинова Раяна жана Талас облусунун Көк-Ой айылында жашаган 2-класстын окуучусу Рыспаев Асанали Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековго кат жолдошкон.

Каттарында окуучулар министрди келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, өз кыялдары менен бөлүшүп, жакшы окууга убада беришкен. Ошондой эле келечекте ички иштер органдарында кызмат өтөп, мекенге кызмат кылуу тилектерин билдиришкен.

Окуучу балдардын тилектеринин бири ишке ашып, Раяна менен Асанали Талас облустук ички иштер башкармалыгына барып, алар үчүн тааныштыруу экскурсиясы уюштурулган.

Окуучуларды башкармалыктын башчысы Бактыбек Нарчаев тосуп алып, имарат менен тааныштырып, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Ошондой эле балдар жана алардын чоң энелери менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Мирлан Насиров сүйлөшүп, ички иштер министринин атынан окуучуларга баалуу белектер - планшет ipad, MacBook Air 15 үлгүсүндөгү ноутбук, ошондой эле таттуу белектер тапшырылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө балдарга окууда ийгиликтер кааланып, келечекте мекенге берилген, татыктуу милиция кызматкерлери болушуна ишеним билдирилди.

Өз кезегинде окуучулар жана алардын жакындары Ички иштер министрине балдардын кыялдарына көңүл буруп, өсүп келе жаткан муундарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирип, мындай көңүл буруу жаштар үчүн чоң дем, күч экендигин белгилешти.

 

Последние новости