www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында өткөрүлүп жаткан профилактикалык рейддин жүрүшүндө Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары тарабынан мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталып, токтотулду. Бул тууралуу МККБнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочу дароо унаа башкаруудан четтетилип, факты боюнча мыйзам талаптарына ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү. Транспорт каражаты атайын токтотмо жайга коюлуп, материалдар тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү.

МККБ мас абалында унаа башкаруу адам өмүрүнө жана коомдук коопсуздукка олуттуу коркунуч туудурарын эскертет. Профилактикалык рейддик иш-чаралар жетекчилик курамдын түз катышуусу менен үзгүлтүксүз улантылууда.

Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого чакырат.

 

Последние новости