www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй районунун Жаңы-Жол айылында жайгашкан Чүй жатак мектебине барып, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттукташты.

Иш-чаранын алкагында Салык кызматынын өкүлдөрү майрамдык акция уюштуруп, анын жүрүшүндө жатак мектептин 130дан ашык тарбиялануучусуна жаңы жылдык белектер тапшырылды. Майрамдык иш-чара жылуу маанайда өтүп, балдарга кубаныч жана майрамдык маанай тартуулады.

Мындан тышкары, салык кызматкерлери тарбиялануучуларга бекем ден соолук, бакыт-таалай, окууларына ийгиликтерди, ошондой эле жаңы жылда чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырып, тилектеринин орундалышын каалашты.

Белгилей кетсек, Салык кызматы кайрымдуулук иш-чараларын жыл сайын өткөрүп, социалдык мекемелердин тарбиялануучуларына колдоо көрсөтүп келет.

 

Последние новости