www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жоопко тартуу тууралуу адвокат Канат Хасановдун жазган арызын карап чыкты. Анын негизинде ишти тергөө финполицияга тапшырылды. Бул тууралуу адвокат фейсбук барагына жазды.

Июль айынын башында Хасанов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жолдогон. Анда Мухаммедкалый Абылгазиев премьер болуп турганда COVID-19 илдетинин алдын алууда жана ага каршы күрөштө шалаакылык мамиле кылганы айтылган. Андыктан ага карата кылмыш ишин козгоо керектиги белгиленген.

Өз кезегинде Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигинин жана Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жооптуу кызматкерлерине карата 6-майда «Шалаакылык» беренеси менен сотко чейинки тергөө амалдары башталганын билдирген. Алар вирустун жайылышына каршы жакшы аракеттерди көрбөй, бейтаптарды кабыл алган ооруканаларды тийиштүү деңгээлде даярдаган эмес делинүүдө. Андан сырткары дары-дармектерди сатып алууда коррупция фактысы боюнча дагы тергөө башталган.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы медиктерге жеке коргонуучу каражаттарын алуу боюнча өткөрүлгөн тендерлерди текшерип баштаган. Иште айрым бир фармкомпаниялардын кызыкчылыгын таңуулоо аракеттери болгону айтылган. Бирок азырынча кайсы кызмат адамдарына катары иш ачылганы ачыктала элек.

Бирок Коопсуздук кеңешинде өлкөдө коронавирус илдетинин алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөөдө жоопкерчиликсиз мамиле жасалганы тууралуу маселе көтөрүлгөндөн кийин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан алынган. Кийин эки аткаминер жана башка кызмат адамдары коронавирус илдетинин алдын алуу боюнча сотко чейинки тергөө амалдарынын алкагында суракка чакырылган.

Радио жыштык чыры жана премьердин отставкасы

Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштыктарды арзан саткан деген айыптоодон кийин 15-июнда кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган. Жыштыктардын сатылышы боюнча тергөө амалдары башталгандыктан Абылгазиев ага жолтоо болбоо үчүн ушундай чечим кабыл алганын билдирген.

Депутат Жанар Акаев премьер-министр Абылгазиевдин радио жыштыктарынын «арзыбаган баага» сатылышына тиешеси бар болушу мүмкүн деп билдирген. Ал Темир Сариев премьер-министр болуп турганда 15 МГц аукциондо 1 млрд 500 миң сомго сатылганын, ал эми Абылгазиевдин тушунда 200 МГц жыштык 700 сомго сатылууда деп айткан. Абылгазиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, депутат Жанар Акаев «жалган маалымат» таратууда деп билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости