www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абаддагы Сары-Челек биосфералык мамлекеттик коругунун кызматкерлери мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Аксы райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, кызматкерлер биосфералык корукка тиешелүү болгон жылкыларды, оргтехниканы жана сатылган бал челектердин акчасын өздөрүнө ыйгарып алганы аныкталган.
Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 1 миллион 209 000 сомду түзгөн.
Аталган факты боюнча Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен иш козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg