www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Бишкек” СЭЗде кайрадан коррупция башталдыбы? Буга чейин “Бишкек” СЭЗдин бир нече директору беш колун оозуна тыгып, коррупциянын сазынан чыга албай, акыры кылмыш иштери козголуп, кызматтарынан айдалып, айрымдары соттолуп да кетишкен.
Революциядан кийин келген бийлик бул жерге ишкерлик менен иши жок Кудрет Тайчабаров аттуу журналистти дайындашкан. Алардын тилеги “жаш бала жаңыча, таза иштейт го” деген үмүттө болушту. Бирок, ал жигит кой терисин жамынган жаңы “жегич” болуп чыккандыгы ишкерлерди өкүндүрдү. Буга бир эле мисалды айта кетели.
Эмнегедир Тайчабаров 400гө жакын ишканалардын жерге болгон арендасын бир баага келтирүүгө кызыкдар эместиги байкалды. Биринен жердин квадрат метрин 1 доллардан, экинчисинен 2 доллардан, үчүнчүсүнөн 3 доллардан алып жатышы ага баягы эле “Бишкек” СЭЗдеги коррупциялык схема жагып калгандыгынан кабар берет. Болбосо, тариф баардык субъектилерге бирдей болушу керек эле.
Мына ушул коррупциялык элементтердин аркасы менен астындагы арзан машинасы депутаттар минген кымбат баадагы унаага теңилди дешет (!) көргөн-билгендер. Бул кытай унаасы кайдан келген? Укук коргоо органдары текшерип көрүшү керек окшойт. “Көтөргөн соткасынын баасын айтпай эле коёлу” деп жакаларын кармап жатышыптыр.
Булак: Азия News гезити