www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият министри кечээ күнү билдиргенге караганда, «Райер» деген немис компаниясына карыз төлөндү жана эми жакында Тарых музейи ачылышы мүмкүн. Жазында болот ко. Ремонтко ал 2016-жылдын май айында жабылган.

Туркиянын ТИКА агенттиги 15 миллион доллар грант бөлгөн, 4 миллионго сырткы ремонту жасалган, бирок 2017-жылдын башында Атамбаев – баардык иштер 31-августка чейин даяр болсун деген талап койгон. Ал мүмкүн эмес эле, ошондуктан түрктөр калган 11 миллионун алып алып, кетип калган.

Атамбаев менен Сапар Исмаков мамлекеттик бюджеттен 870 млн сом таап, 9 миллион еврого немис фирмасын жалдаган. Акчанын баары коротулган, музей эмгиче жабык, Кыргызстан – карыз. Алар эч нерсе кылбай отура берсе, түрктөр музейди өз акчасына эбак бүтүрмөк.

Ошондой эле, Атамбаев эч нерсе кылбаганда, Нарын дарыясынын башындагы каскадды дагы орусиялык «РусГидро» эбак эле бүтүрмөк, бирок келишим 2016-жылдын январында жокко чыгарылгандыктан, «РусГидрого» Кыргызстан эми 38 млн доллар карыз, ГЭСтер да жок.

Последние новости