www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3-дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата учурда даярдыктар жүрүп жатат. Баарынан кызыгы 2 миллион 301 миң сомго Кырчын жайлоосуна 8 даараткана салышыптыр.
Ошондо ар бир даараткана 287 миң 625 сомдон бааланыптыр.
Тагыраак айтканда, ар бир даараткана бир унаанын акчасыиа туруптур десек да болот. Учурда бул маалыматты уккандар жакасын кармашууда.
Кыскасы уят эле кыргызга. Өкмөт башчы Абылгазиев тиешелүү органдарга тапшырма берип, финансы маселесин көзөмөлдөтпөсө коррупция гүддөп кетчүдөй. Бул тууралуу маалыматты "Ачык саясат плюс" гезити жазып чыкты.
Демек, камагандан айбыкпаган айрым аткаминерлерди “тарс” эле чыкыйга атып салсак жакшы болот беле? Антпесе, айрым жемкорлорго анча-мынча темир торду тоотпой калды окшойт. Президент Сооронбай Шарипович, жогорку суммага каттуу чара көрбөсөңүз, жаныңыздагы “иттер менен келемиштер” сизди дагы уят кылганы калды.
Булак: NazarNews.kg