www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош жана Баткен облустарындагы медициналык уюмдарынын жумуштары менен таанышып келди. Анда аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маселелер талкууланганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапардын жүрүшүндө министр Баткен облустук бириктирилген ооруканасын, Кадамжай аймактык ооруканасын, Кадамжай үй-бүлөлүк медицина борборунда, Сүлүктү жалпы дарыгерлер практикалык борборун, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасын көрүп, калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын сапаты менен таанышты.
"Алыскы Лейлек районунундагы аймактык ооруканасына барганда ал жерде коңшу өлкөлөр менен чектеш болгон себептүү элдердин кошуналар менен карым-катнашы көп болуп, коронавирус илдети көп катталып жаткандыгы тууралуу маселе көтөрүлдү. Министр бул маселе Республикалык штабдын отурумунда каралаарын айтып өттү".
Ошондой эле министр Ноокат аймактык ооруканасынын, Ош облустар аралык бириктирилген ооруканасынын бөлүмдөрүнүн иштери менен таанышты. Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылындагы кайра профилдештирилген инфекциялык бөлүмдүн иши менен да таанышып чыкты.
"Ооруканалардын эмгек жамааты менен элге медициналык жардамды көрсөтүүдөгү жетишкендиктер, көйгөйлөр талкууланып, стационарларда иштеген дарыгерлерге эмгек акыларын жогорулатуу жөнүндө сөз болду".
Белгилей кетсек, Ош шаарындагы жаңы салынып жаткан 100 орундуу инфекциялык ооруканасынын дагы курулуш иштери менен таанышып чыкты. Координатордун айтымында, жумуш иштери декабрь айынын башында бүтүп, оорукана ишке берилет деп күтүлүп жатканын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg