www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таш-Көмүрдө “Өспүрүм” рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Таш-Көмүр шаарынын аймагында коронавирус илдетине байланыштуу жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары жана студенттери дистанциондук режимде билим алышууда. Бирок кээ бир окуучулар онлайн сабактарга катышпай, көчөдө жүрүп ар кандай укук бузууларга аралашып калууда.
Ошол себептен Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “Өспүрүм” аталышындагы 2 күндүк ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлгөн.
Анын алкагында соода түйүндөрүндө, унаа жуучу жайларында жана интернет клубдарда 4 жашы жете элек эмгектенип жүргөнү белгилүү болгон.
Ал эми түнкү саат 22:00дөн кийин ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу жок жүргөн 11 өспүрүм аныкталган.
Аныкталган өспүрүмдөр боюнча тийиштүү органдарга мааалыматтар жиберилген. Ата-энелерге балдарын кайда жүргөндүгүн көзөмөлдөө жана алардын аралыктан окуу учурун үзгүлтүккө учуратпоо зарылдыгы эскертилген.
Булак: NazarNews.kg