www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов Интернетте тарап жаткан ар кандай фейк кабарларга ишенбөөгө элди чакырды. Бейшенов 23-июлдагы онлайн брифингде социалдык тармактардагы “өлкөдө тик учактар химиялык уулуу заттарды чачып жүрөт” деген маалыматтарга түшүндүрмө берди.
“Мен социалдык тармактардагы “кичинекей тик учактар ар кандай химиялык каражаттарды чачып же санитардык иштерди кылып жатат” деген маалыматтарга токтолуп кетейин. Мындай маалыматтарга ишенбөөгө чакырам. Кыргызстанда бир дагы учуучу транспорт менен мындай иштер жасалган жок. Ал эми кечээ айрымдар жазып чыккан “Авто жир” тик учагы машыгуу иретинде учуп жүргөн”, - деди Бейшенов.
Кыргызстанда социалдык тармактарда “коронавирустун күчөшү дезинфекциялоодон, 5G технологиясынан болуп жатат” деген ар кандай маалыматтар байма-бай тарап жатат. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дезинфекциядан кийин “оору күчөп кетти” деген сөздөрдү четке каккан.
Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандын аймагында 5G технологиясы орнотулган эместигин жана анын жабдыктарынын адамдын ден соолугуна тийгизүүчү зыяны тууралуу тастыкталган маалымат жок экенин билдирген. Өлкөнүн күч органдары жалган маалымат таратып, коомчулукту дүрбөлөңгө салгандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
Булак: NazarNews.kg