www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы алдында кезектеги аппараттык жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Жыйынга министрликке караштуу түзүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана борбордук аппараттын бөлүм башчылары катышты.

Анда тармактагы актуалдуу маселелер талкууланып, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол автожолунун курулушунун жүрүшүнө байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары С.Т.О, Жол чарба департаментинин директору А. К.К, "Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын директору А.Т.Н, "Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары О.К.К сөгүш берилди.

Ведомство жетекчиси аталган жолдун курулушун Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын баса белгилеп, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, министр Сыргабаев кышкы мезгилде жолдорду тейлөө жана алардын абалын көзөмөлдөө маселесине токтолуп, тийиштүү деңгээлде иш алып бара албаган жетекчилерди кызматын тапшырууну талап кылды.

 

Последние новости