www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы саясий айлампа качан токтойт. Мындай пикирин соцтармак колдонуучу Жанарбек Өмүракунов билдирди.
Кечээги күнү кол кармашып, бири экинчиcин “досум” деп куттуктап турган жетекчилер, бүгүн бири-бирине өч болушту, бири-бирин жокко чыгарганга аракет кылышты.
Кыргызстанда президенттер алмашат, бирок бир көрүнүш өзгөрбөй койду. Бийликке келгени мурункуну камайт, конфискациялайт, наамын алып, тарыхтан өчүргүсү келет.
Ал эми кеткен унчукпай күтөт, мүмкүнчүлүк чыкканда артка сокку урат. Бул саясатыбыздын качан бүтө турган айланма тегирмени, элди дагы тажатты.
Бирок суроо бирөө эле: Мамлекет өч менен өнүгөбү же мыйзам мененби? Өч - бүгүн бирөөнү ыза кылат, бул опурталдуу.
Мыйзам - эртең келечектүү, туруктуу өлкөнү курайт, туурабы...? Биз эл катары эмнени тандашыбыз керек.
Ар бир жаңы президент жаңы душман издеп башталган саясаттыбы? Же күчтүү институттарга таянган, тынч, адилет коомдубу? Кубаттуу мамлекетти өч алышкан лидерлер эмес, эрежеси мыйзамы иштеген, соту адилет болгон система курат, - дейт Өмүракунов.