www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-февралда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев менен расмий жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ортосунда жүк ташууларды өнүктүрүү, электрондук e-CMR системасын киргизүү жана ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Иш-чаранын соңунда евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон салымы жана кызматташтыкты чыңдоодогу жетишкендиги үчүн министр Абсаттар Сыргабаев жана министрдин орун басары Алмаз Тургунбаев Евразия экономикалык комиссиясынын «Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» төш белгиси менен сыйланышты.

 

Последние новости