www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө кыргыз балын экспорттоого расмий түрдө укук алгандыгына байланыштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев баштаган адистер республикадагы бардык бал өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрдү. Анда мындан ары экспорт боюнча жол картасын иштеп чыгуу, Европа рыногунда кыргыз балынын потенциалын жогорулатуу жана сапаттуу продукция өндүрүү боюнча маселелер талкууланды.

Европа рыногунун ачылышы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттар жана тоюттар кызматынын Европа Биримдигиндеги кесиптештери менен биргеликте жүргүзгөн системалуу ишинин жыйынтыгында мүмкүн болду.

Бул чечим ата мекендик балчылар жана бал өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат: экспорттун көлөмү көбөйөт, кыргыз продукциясынын эл аралык рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулайт, ошондой эле жаңы рынокторго чыгууга шарт түзүлөт.

Кызматтын маалыматына ылайык, Европа Биримдигине экспорттоого уруксат берилген мал чарбачылык товарларынын тизмесин кеңейтүү боюнча иштер улантылат. Бул кыргыз өндүрүүчүлөрүнө Европа рыногундагы катышуусун акырындык менен кеңейтип, өлкөнүн сапаттуу продукцияны ишенимдүү жеткирүүчү катары позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк берет. 

Белгилей кетсек, Европа комиссиясы кыргыз балын экспорттоого уруксат берип, аны Европа Биримдигинин аймагына импортту жөнгө салуучу техникалык регламент тизмесине киргизген.

Последние новости