www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун жана башка эл өкүлдөрүнүн жол белгилерин туура тааный албаганы коомчулукта кызуу талкууга алынып, алардын жоопкерчилиги суроолорду жаратты.
Депутат Жаныбек Абировдун “уялбагандан өзүң уял” демекчи, абийири ачылып жатканына карабастан, билбегенин деле туура эместигине карабай билип тургандай айтып, көргөндөрдүн жакасын карматты. Сыягы, шайлоо учурундагыдай эле калпты чындай койгулай берсем жараша берет деп ойлоду көрүнөт.
Мындан улам, коомчулукта: “Абировду чындап 10 ай кайра окутууга жибериш керек экен. Ушундай "сабаттуулар" мыйзам жазып, элдин бакубат жашоосу үчүн шарт түзүп береби, мындайды элибиз "ишенген кожоң сууга акса, алды алдыңдан тал карма" дечү”, - деген сындар арбын айтылды.
Социалдык тармактарда катардагы жарандар “эл өкүлү мыйзам чыгарып, коомдун коопсуздугун жана жыргалчылыгын камсыздоого тийиш, бирок жол эрежелерин билбесе, анын кесипкөйлүгүнө кандай баа берүүгө болот?” деген суроону көтөрүштү. Айрымдар депутаттарды кайра даярдоо курстарынан өткөрүү же алардын билим деңгээлин текшерүү механизмдерин күчөтүү зарыл экенин белгилешти.
Мындан тышкары талкуу бир гана Абиров менен чектелбей, парламенттеги башка эл өкүлдөрү дагы эрежелерди жетиштүү деңгээлде билбегени кашкайып көрүндү. Маселен, жаш Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Карыпбек уулунун дагы эрежелерди билбей калганы көпчүлүктүн башын чайкатып, оозун ачырды.
Баса, эксперттер мындай парламенттеги көрүнүш депутаттардын эмес Жогорку Кеңештин аброюна жана элдин бийликке болгон ишенимине терс таасир тийгизерин социалдык тармакта жазышты. Алардын айтымында, мыйзам чыгаруучу органда иштеген ар бир адам кесиптик деңгээли жогору, коомдук жоопкерчиликти сезген жана өзүнүн катасын моюнга ала билген инсан болушу керек же ачык эле “менин атайын айдоочум, көптөн бери унаа айдабайм”, деп суроого жооп бербей коюшса болмок, дейт.
Ошентип коомдук талкууга калган айдоочулук күбөлүк же 10 айлык окуу көптөрдүн башын карматып, чечилбеген көйгөйгө айланды.