www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү жана илим министри Болот Купешов иштей албай, ден соолугуна шылтап, жумуштан кетти. Ордуна экинчи ирет Алмаз Бейшеналиев дайындалды. Кудайдын буйругу экен. Эми тажрыйбасын, уюштургуч жагын көрсөтүшү керек.
Ал эми тазалыгы кандай? Ушул жерден ишенимдүү өздүк булагыбыз айткан кепке токтололу. Оштон бир чиновник кол куушуруп, ийилип министрдин кабинетине келип, машакаттана сүйлөшүп отурат. Аягында 300 доллар сунса, Алмаз Бейшеналиев албай коёт. Тиги кургур берип көнгөнбү, айтор, кагаздардын арасына байкатпай кыстарып, баса бериптир. Билгизбей.
Ал кеткенден кийин жашырылган акчаны Алмаз мырза көрүп калып, аябай бушайман жеп, түнү менен уктабай чыгат. Өзүн жаман сезип. Эртеси таңатпай Ошко учкан биринчи рейстеги самолётко 300 долларды салып жиберип, бежендей келген жетекчиге капа болгонун айтып, катуу эскертүү берет. Шагын сындырып...
Албетте, ушул көрүнүш баарына үлгү болушу абзел. Эми да пара сунуштап, бузганга аракет кыла турган чиновник, кошоматчылар четтен чыгышса керек. Бул маалыматты окугандан соң тыйылып калышабы, же?..
Булак: Азия News гезити