www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус жанданган сайын эки министрдин ирбити өсө баштады. Таластан ажалдан жоолук куткарып калган Жапаров минфин болоор менен коронавируска такап ансыз деле өспөгөн айлыктарды кесе баштаса, министр Алымкадыр Бейшеналиев "7-каналга" берген маегинде аны жинди десе «апторыкатым» өсөт, мени «жинди» дегиле деп манчыркайт. Депутат Кожобек Рыспаев министр Бейшеналиевди «ар» деп беттен алса, депутат Аида Касымалиева: «Коңшу Казакстан менен Өзбекстанда беш-алты миллион адам вакцина алып бүттү. Силер ошондой жумушту аткарган жоксуңар. Министр «аконит» (уу коргошун) деп канча адамдын башын айлантты. Эми «аконитовый министрге» карабастан эмдөөдөн өтөбүз деп калганда вакцина жок. Мээсинен айнып калган министриңер ушул жерге келип жооп берсин же жумуштан кетсин. Медицина кызматкерлери кантип чыдап отурасыңар, силер кесипкөйсүңөр го, айтпайсыңарбы...», — деп билдирген.

Бирок Алымкадыр Бейшеналиев өзү бул сын-пикирлерди олуттуу кабыл албай, депутаттар аны канчалык көп сындаса, анын эл арасындагы аброю ошончолук жогорулай турганын айтты: "Биз Кыргызстанда жашап жатканыбызга сүйүнүшүбүз керек. Анткени, бул жерде бардык нерсени айтууга болот. Сөз эркиндиги күч. Элдер кандай гана сөздөрдү айтышпайт. Президенттен баштап министрге чейин каалаган нерсесин сүйлөшөт. Бардык депутаттар мага каймана аттарды коюшту. Депутаттар мен жөнүндө айтып жатканда менин аброюм гана көтөрүлөт. Эл ойлосо керек: бул жинди кантип министр болуп дайындалган?, - деп.

«30 жылдан бери талкаланган саламаттыкты сактоо тармагын эки айдын ичинде калыбына келтирдим. Дарыгерлер СССРге кайтып келгендей болуп калдык дешти. Менин реформамдан кийин башкы дарыгер баарына жооптуу. Буга чейин беш жооптуу болгон жана алардын бири дагы жоопкерчилигин так аткарбай качып турушкан. Бейтаптар ооруканаларга кире албай калышкан. Эми азыр мындай көрүнүштөр жок. Менин командам күн сайын иштеп, башы менен баарына жооп берет ", - деп белгиледи Бейшеналиев.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Министрлер кабинетинин эпидемиологиялык абал боюнча жыйынынан эмне үчүн чыгып кеткенин айтты. Жолугушуу онлайн режимде өткөн. «Ошол учурда менин коронавируска карата ПЧР-анализимдин жыйынтыгы оң чыкканын билдим. Ошондуктан байланышты үзүүгө туура келди», - деди ал. Мурунураак Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы коронавируска чалдыкканын билдирген. Ал аны уу коргошун (аконит) менен гана дарылана турганын айткан. Министр коронавируска каршы эмделгенден кийин антитела иштелип чыкпаганын айтты.

Атка минер коронавируска чалдыккандардын саны көбөйгөнүнө карабай, эмне себептен күндүзгү стационарлар ачылбай жатканын түшүндүрүп берди. Окурмандардын бири кайрылып, учурда ооруканалардан орун жетпей жаткандыктан, коронавируска чалдыккандардын көбү үйдө дарыланып жатканын билдирген. "Коронавируска кабылгандар бейтапканаларга барганда, эч ким аларга гепарин уколун сайып же капельница коюп бербейт. Үйдөн дарыланып, дарыгер чакырткыла дейт. Ага акча төлөшүбүз керек да", — деди жаран.

Күндүзгү стационарларды ачуу үчүн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын буйругу керек. "Воронцовка айылындагы ооруканада 200 орун бар. Жарандар ал жакка кайрылса болот. Кийин жакшы болуп кеткендер үйлөрүнө чыгарылып, ооруканаларда дагы орун бошойт. Ошондой эле кошумча керебеттерди коюу маселеси каралат", — деди «чиниш». Анын айтымында, коронавирусту дарылоо боюнча акыркы протоколго ылайык, оорунун жеңил формасына кабылгандарга капельница эмес, таблеткалар жазылып, суусундукту көп ичүү сунушталат. Ошондой эле мындай бейтаптар үйүндө дарыланса болору айтылат.

"Ооруканага абалы оорлор кайрылат. Учурда пневмония болгондордун саны аз. Андыктан кислород концентраторлоруна дагы салыштырмалуу суроо-талап төмөн. Былтыр күндүзгү стационарларга кишилер келип, капельница алып, кайра кетип жатышкан. Азыр алар оорукана көйгөйүн чече алышпайт. Үй-бүлөлүк медицина борборлору өз милдеттерин аткарууда. Каалагандар кайрылса болот", — деди атка минер. Ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, калаадагы ооруканаларда COVID-19га чалдыккандар үчүн орун аз калганы айтылат.

Акыркы учурларда коронавируска каршы вакцина алгандар арасында дагы кайрадан ооруп калгандар байкала баштады. Вакцина алган адам менен ала элек адамдын организми коронавирусту кандай көтөрөрүн иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Николай Крючков айтып берди. Адистин пикиринде, коронавирус эмделген кишилердин арасында өтө сейрек кездешүүдө. Бул эң негизги айырма болуп эсептелет. "Экинчи өзгөчөлүгү — адам ооруну жеңил көтөрөт. Эмделгендер оор формадагы коронавируска кабылган учурлар азырынча жокко эсе. Мындан тышкары, эмделген адам башкаларга вирус жуктура турган мөөнөт дагы салыштырмалуу кыска болот. Мисалы, вакцина алган киши ооруп баштагандан тарта бир жумага чейин айланадагыларга кооптуу болсо, эмделген адамдар үч-төрт күндөн кийин эч кимге оору жугузбай калат", — деди дарыгер. Ошондой эле адис вакцина алган адамдар албагандарга караганда кооптуураак болушу мүмкүн экенин кошумчалады. Анткени эмделбеген адамга ооруй баштаганы дароо билинсе, эмделгендер вирустун белгиси жок болгон соң билбей калышы мүмкүн.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) аптаптуу ысыкта алкоголдук ичимдиктерди, кофеин жана кант кошулган суусундуктарды ичүүдөн баш тартууну сунуштайт. "Адамдар ысыктан оолак болуп, салкын жерде баш калкалап, суусундукту көбүрөөк ичиши керек. Эгерде башы айланып баштаса дароо дарыгерге кайрылган оң. Анан бир гана суу ичүү керектигин белгилейбиз. Андыктан алкоголдон такыр баш тартып, ошондой эле кофеин менен кант кошулган сууларды көп ичпөө сунушталат", — деди ДССУнун өкүлү. Ал Канадада күндүн табы 49,6 градуска чейин жетип, аптаптуу ысык болуп жатканын эске салган. Кыргызстанда дагы келээрки аптада күн катуу ысып түштүк региондордо 41 градуска чейин жетери эскертилди.

"Дельта" штаммынын айынан дүйнө ушул тапта коронавирус пандемиясынын эң оор стадиясында турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди. Анын айтымында, бул штамм дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндө табылып, дагы деле мутациясын токтотпой жатат. "Дельта" штаммы дүйнөнүн көп өлкөсүндө үстөмдүк кылып турат. Бирок медицина ага гана "байланбай", коронавирустун жаңы, мындан дагы кооптуу болушу мүмкүн болгон штаммдарын карап, алар менен күрөшүүгө даяр турушу керек. Учурда вирусту эрте аныктоо, ооругандарды обочолонтуу боюнча иштерди күчөтүү зарыл. Антпесе дүйнө өтө кооптуу абалда турат", — деди ДССУ жетекчиси. Мындан тышкары, Гебрейесус дүйнө коомчулугун каргаша менен өз алдынча күрөшпөй, бири-бирине дары-дармек, тест системалары жана жасалма дем алдыруучу аппарат жагынан жардам берүүгө, эмдөөнү тездетүүгө чакырды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости