www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зордуктоого айыпталган министр бошотулду

Сот Пенза облусунун мурдагы саламаттык сактоо министри, зордуктоого айыпталып соттолгон Владимир Стрючковду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотту. Ал үч жыл үч айга эркинен ажыратылган болчу.

Стрючков камакта бир жылдай отуруп, алты ай мурун жатак абагына которулган.

Владимир Стрючков түзөтүү мекемесинде өзүн үлгүлүү алып жүрүп, эмгекке абийирдүүлүк менен мамиле кылып, коомдук жана тарбиялык иштерге активдүү катышканы үчүн мөөнөтүнөн мурда бошотулганы көрсөтүлгөн.

Бул аткаминерге каршы кылмыш иши 2019-жылы козголгон.

Тергөө аныктагандай, Стрючков мас абалында мурдагы балдар лагеринин аймагында оорукананын 27 жаштагы кызматкерине ыдык көрсөтүп, анан зордуктаганы аныкталган.

Владимир Стрючков 2012-жылдан бери Пенза облусунун саламаттык сактоо министри болуп иштеп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости