www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Молдокматов учурдагы бийликке арнап ыр жазды...

Октябрь окуяларына шектелип, камакка алынган Жеңиш Молдокматов учурдагы бийликке арнап ыр жазды. Анын ыры өзүнүн Facebook баракчасына жарыяланды.

Лампочкабыз жанбады!

Тагдырдын тамашасы ушул экен,

Тарыхка кайтып келчү учур экен.

Топ бузуп чындык үчүн күрөшөм деп,

Токтогулдай тордо отурчу күнүм экен.

«Оңдойм» - деди көчмөн элдин турмушун,

«Оңбойм» - деди аткарбасам үмүтүн.

Бата берип, ак кийизге көтөрүп,

Алдандыбы кайран гана кыргызым!

Алгач сөзүн Жетим-Тоодон баштады,

Бээжинге берип сала жаздады.

Каршы турсак кыр көргөзүп бийлиги,

Каралады, кас-душмандай камады.

Кийин туруп Конституция жакпады,

Алмаштырып ХАНституцияга такады.

Кошоматчы, жанжөөкөрлөр кол чаап,

Хан Ордодо бүлүк салып баштады.

Кара илдет, коронавирус каптады,

Дүйнө эли уят ишти каттады.

Ак үйүндө «уу коргошун» кайнатып,

Улуу элди уулап сала жаздады.

Казынага тыйын жетпей кысталып,

Казинодон толтурам деп баштады.

Аалымдардан ачуу сөз уккан соң,

Ал ишти да ара жолго таштады.

Светке да баа төмөндөтөм деди эле,

Ишенгенин жашырган жок эл деле.

Кайран кыргыз алданганын сездиби,

Аргасыздан митинг кылды жерлерде.

Өлкөбүздө коррупцияны жоём деп,

 Элге жаккан жакшы кадам таштады.

Аттиң бирок акча алып баарынан,

Соодалашып, сооротуп соттон актады

Чек араны чечтик деди жүз пайыз,

Согуш ачып тебеленди ар-намыс.

Ойрондолду ондогон айылдар,

Окко учту отуз алты уул-кыз.

А бир кезде чоң талаада эл топтоп,

Ак боз минип бата алганы эсимде,

Ак элечек энелерим ээлигип,

«Лампочкам» - деп алкаган кезинде.

Элим кантет?

Ишенимдер калбады!..

Үмүт өчүп,

«Лампочкабыз» жанбады!..

02.07.2021-ж.

СИЗО-1

Абактагы 57-күн

Жеңиш Молдокматов

P.S Жеңиш Молдокматовдун Facebook баракчасы тарапташтары аркылуу колдонулат.

Эске салсак, Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовду Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. Ага былтыр октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт баш-аламандык уюштурган" деген кине койгон.

8-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жеңиш Молдокматовду СИЗО-1 мекемесине камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. Митингчилер президент жана парламент отурган имаратты, атайын кызматты, басып алышып, абактарда отурган бир катар саясатчыларды бошотушкан. Кийин алардын көбү кайра камалып, айрымдары качып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости