www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунда сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу иштери жүрүп жатат

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында Ак-Суу дарыясынын жээгинде кооптуу болгон көлмөлөргө түшүп, сууга чөгүү фактыларын алдын алуу
боюнча көзөмөлдү күчөтүүдө.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ошондой эле жаш өспүрүмдөргө карата үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында айыл элине, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Жыл башынан бери жогоруда аты аталган аймакта жаш өспүрүмдөргө карата зомбулуктар, сууга чөгүү фактылары катталган эмес", - деп кошумчалашты облустук милициядан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости