www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында чет элдик студенттер менен жолугуп, окутуу, коопсуздук маселелерин талкуулады. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министр өлкө өкмөтү бардык жарандардын, анын ичинде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын жана аларга сапаттуу медициналык жардам алууга кепилдик берерин баса белгиледи.

Алымкадыр Бейшеналиев студенттерди кырдаал көзөмөлдө экенине, алардын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч жок экенине ишендирди. Ал ошондой эле чет элдик студенттердин Кыргызстанда билим алуу процессин улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, медициналык билим берүү тармагында жалпы максаттарга жетүү үчүн ЖОЖдор менен студенттердин кызматташуусуна ишеним билдирди.

Өз кезегинде чет элдик студенттер министрге жолугушууну өткөрүп, алардын коопсуздугу жана ден соолугуна кепилдик бергени үчүн ыраазычылык билдиришти.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости