www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы  көзөмөл-кассалык машинасын ишкерлерге акысыз берүүнү улантууда. Аны алуунун жол жобосун мекеме  айтып берди.

Маалыматта ишкерди колдоо иретинде 32 миң аппарат сатылып алынганы белгиленет.

Аны алуу үчүн жаран өзүнүн иш жүргүзгөн же катталган аймактагы салык органына арыз менен кайрылыш керек.

ККМ аппараттар ишкерге келишимдин негизинде убактылуу колдонууга берилет.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 5-декабрында «Дордой» базарынын ишкерлери менен жолугушууда 30 миң аппарат сатып алынганын, ал ишкерлерге бекер берилерин айткан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости