www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пара алуу фактысы боюнча эки айга камакка алынган билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Индиянын жараны Поту Фани Бхушан менен тааныштыгы тууралуу айтып берди.

Белгилей кетсек, министр кармалгандан кийин коомчулукта чиновник Поту Фаниден акча алышы мүмкүн деген пикирлер айтылган.

Алмазбек Бейшеналиев өзү Индия жараны менен тааныш экенин билдирди. Бирок андан каражат алуу маселеси боюнча комментарий берген жок.

Буга чейин ал чет элдиктен алынган акча университеттин курулушуна багытталганын, бул инвестиция экенин белгилеген.

Белгилей кетсек, Поту Фани Бхушандын ысымы буга чейин Индия менен Пакистандан чет элдик студенттерди алып келген жана салык төлөбөгөн компанияларды жалдоо боюнча журналисттердин иликтөөсүндө пайда болгон.

Авторлор медициналык окуу жайдын мафиясы эң жогорку чекке жеткенин, чет элдиктерге бизнес куруп алгандар атүгүл өлкө жетекчилерине да жолугуп жатканын баса белгилешкен.

Маалыматка ылайык, Поту Фани Бхушан Эл аралык жогорку медициналык мектебинин проректору. Бул университеттин кызматкери Ядав Сунал КММА менен келишим түзгөн SK CAREER Builder компаниясынын директору болгон.

«КММА Индиядан келген студенттердин негизги жеткирүүчүсү Поту Фани Бхушанды тааныбайбыз деп айтканына карабастан, ал Ядав Сунил жана КММАнын ректору Индира Кудайбергенова менен бир иш-чарада болушкан. Үчөө Баткендеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-медициналык комплексинин курулушуна капсула салууга катышкан», - деп айтылат тергөөдө.

Белгилей кетсек, бул иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышкан. Мамлекет башчысынын Поту Фани Бхушан менен таанышканын анын кабинетинде тартылган дагы бир сүрөт тастыктап турат.

28-сентябрда Алмазбек Бейшеналиев 110 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганы белгилүү болгон. Ал чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго киргизүү үчүн опузалап акча талап кылганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости