www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ, Улуу Британия жана Канада Орусиянын төрт украин облусун аннексиялап алганына байланыштуу Москвага каршы жаңы санкцияларды салып, "кара тизмесин" кеңейтти. Бул жолу эң чоң аткаминерлерден Орусиянын Борбордук банкынын башчысы Эльвира Набиуллина "кара тизмеге" кирди.

АКШнын санкциялык тизмесине вице-премьер Александр Новак, Борбордук банктын жетекчисинин орун басары Ольга Скоробогатова жана Федерациялар кеңеши киргизилди. Мындан сырткары Мамдуманын жана Федералдык кеңештин мүчөлөрү Сергей Миронов, Андрей Клишас, Константин Косачев, Елена Мизулина, Людмила Нарусова, Леонид Слуцкий жана башкалар да кошулду.

Тизмеге премьер-министр Михаил Мишустиндин, Федералдык кеңештин төрайымы Валентина Матвиенко жакындары, коргоо министри Сергей Шойгунун, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин, Москванын мэри Сергей Собяниндин, Санкт-Петербургдун губернатору Александр Бегловдун жакындары да киргизилди.

Канада Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун үй-бүлөсү баштаган 43 адамга каршы санкция салган.

АКШ, Канада, Улуу Британия жана башка бир нече өлкө Орусия Украинага кол салгандан кийин президент Владимир Путин баштаган орус аткаминерлердин тобуна санкция салган.

Мунун алдында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшту. Анда сүйлөгөн сөзүндө Путин аталган төрт облусту Киевге эч качан кайтарбай турганын айтты.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү бул аннексияны тааныбай турганын расмий маалымдады. Украина өз аймактарын куралдуу жол менен кайтарып аларын жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости