www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган мектеп директору Юрий Низовскийдин иши боюнча комментарий берди. Ал журналист Майраш Базлакунова менен маектешкен. Анда министрге жүргүзүлүп жаткан реформалар маселелерди аныктап жатабы деген суроо болгон.
"Бул УКМКнын иш-чарасы. Мен башкалар сыяктуу эле бул тууралуу интернеттен билдим. Ооба, мындай көйгөй бар (мектептердеги коррупция). Ал эми бул маселени комплекстүү чечүү чараларынын бири - директорлук кызматка конкурс өткөрүү. Бир адамдын бир кызматта көпкө отурушу коррупцияга жол ачышы мүмкүн. Ошондуктан кадрдык жаңылануу болуп турсун деп беш жылда бир директорлук кызматка сынак сыяктуу механизмди киргизип жатабыз", – деди министр.
Булак: NazarNews.kg