www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-августта эки өлкөнүн ишкерлеринин биргелешкен ишинин жыйынтыгында Кыргызстандын Жапониядагы элчилигинин көмөгү менен Кыргызстандан Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду.

КР ТИМден билдиришкендей, келишим «Sojitz» соода компаниясынын катышуусу менен «Japan style» жана «Yamada Bee Company Group» ортосунда түзүлдү.

Ишканалардын келишимдерине ылайык, аталган көлөмдөгү бал бир нече этап менен Жапонияга жеткирилет. Биринчи 20 тонналык контейнер жакынкы аралыкта экспорттолот.

Эске салсак, ата мекендик продукцияларды жана товарларды чет өлкөлөргө жылдыруу максатында 2021-жылы Жапонияга 25 390 млн сомго 43,4 тонна кыргыз балы экспорттолгон (2018-жылы 8,3 тонна, 2019-жылы 13,4 тонна, 2020-жылы 15,7 тонна).

Булак: NazaNews.kg

Последние новости