www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Бейшеналиевдин уу коргошуну унутулдубу?

Министр журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзү дагы ушул дарыдан ууртап, зыяны жок деп ишендирген. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында ал кездеги саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу сунушу өкмөткө жолдонгон.

"Министр А.Бейшеналиевди кызматтан кетирүү жана ордуна сабаттуу, компетенттүү министр дайындоо тууралуу сунушумду тиешелүү комитет жүз пайыз колдоду. Эми кеп өкмөт башчыда калды. Табыпчылыкты пропаганда кылган киши медицина тармагын жетектөөгө укугу барбы?",-деп жазган аталган комитеттин мүчөсү депутат Жанар Акаев.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев басма сөз жыйынын өткөрүп, Covid-19 бейтаптарын уу коргошун чөбүнүн тундурмасы менен дарылап жатышканын жар салган эле. Министр "уу коргошун ооруканада жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнү тууралуу" айтып, мындай дарылоону президент сунуштаганын билдирген эле. Ошондуктан президенттен кеңеш сурап жатканын кошумчалаган.

Министрдин билдирүүсү курч реакцияларды жана талкууну жараткан. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму клиникалык изилдөөлөрдөн өтпөгөн каражатты калкка колдонууга болбой турганын белгилеген.

Уу коргошун аталган чөптүн тамыры (аконит) Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун уулуу өсүмдүктөр боюнча тизмесинин сап башында көрсөтүлгөн. Уу коргошун - Кыргызстандан сырткары Кашмирде, Кытайда, Казакстанда 2500-3000 метр бийикте өсөт. Кыргызстанда "Ысык-көл тамыры" деген ат менен дагы белгилүү. Мунун кытайдын элдик медицинасында дагы колдонулары айтылып жүрөт.

Тамырда борбордук нерв, дем алуу жана жүрөк-кан тамыр органдарына катуу таасир эте турган күчтүү уу бар. Кыргызстанда буга чейин "Ысык-Көлдүн тамырын" ичкен соң ууланган учурлар болгон. 2007-жылы баш калаа Бишкекке жакын Новопавловка айылынын 11 тургуну "Ысык-Көлдүн тамырынан" жасалган тундурмадан ууланып, алардын үчөө каза тапкан. 2012-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки кызматкери дагы уу коргошундан жабыркап, бирөөсү гана аман калган. Министрлик коомдук сайттагы расмий баракчасына "Уу коргошун" деген жазуу бар бөтөлкөлөргө суюуктук куюлуп жаткан видеону койгон эле.

"Кудай буюрса, баары жакшы болот. Сиздерден бир гана сураныч, дайыма эрежелерди сактап, бет кап кийип жүрүңүздөр. Оорунун белгилери пайда болору менен үйдө жатып албастан, дароо ооруканага жөнөңүздөр.Оору башталганда барсаңыздар дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты. (Видеоматериалдан дарысын билсеңиздер болот)",-деп жазылган анда. Саламаттык сактоо министрлиги уу коргошун боюнча илимий иликтөөсүн улантат деп белгилеген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости