www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аспеков Мелистин мээлегени эмне?

Мелис Аспековду камоо мөөнөтү эки айга узартылды. Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинин негизинде кармалган активист Мелис Аспековдун бөгөт чарасынын мөөнөтү алдыга жылды. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Аспековдун бөгөт чарасы жакында каралды, анда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, активисттин камак мөөнөтү 27-январга чейин узартылды.

Аспеков азыр Бишкектеги тергөө абагында кармалууда. Ал эки айга камакка алынганы 30-сентябрда белгилүү болгон. ИИМ активистке Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Массалык башаламандыктар” деген беренелери менен айып таккан. Мунун алдында социалдык түйүндөрдө Аспековго байланыштуу делген аудио жазуу жарыяланган. ИИМ буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Андан бир ай мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Аспековдун күнөөсүн далилдебегени үчүн ага 10 миң доллардан ашык акчасын кайрып бергени тууралуу билдирүүсүн жокко чыгарган. “Опузалап талап кылуу” жана “Алдамчылык” беренелери менен козголгон кылмыш ишинде сот аны күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратканын белгилеген. Ага чейин Аспеков Фейсбуктагы баракчасына атайын кызмат аны кармап жатканда аларга өз ыктыяры менен берген акчасын күнөөсү жоктугу үчүн кайтарып бергенин жазган. Тергөөчү менен сот анын айыбын далилдей албаганын билдирген. Аспеков ушул жылдын май айында абактан президенттин ырайымынын негизинде бошотулган.

Былтыр мартта Биринчи Май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, алгач жети жылга эркинен ажыраткан. Кийин июль айында Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүп, биринчи инстанциянын өкүмүндөгү сыяктуу Аспековду "Алдамчылык" беренеси менен күнөөлүү деп тапкан, бирок жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазага тарткан эмес. Алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

2020-жылы Октябрь окуяларынын кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын башында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке "15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу" деген айып кошулуп, “Алдамчылык” беренеси кошулган.Өзү соттук жараяндарда күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирип келген. Садыр Жапаров анын дооматтарын четке каккан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости