www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын ири ГЭС куруу долбоорлору талашка түшүүдө. Бул тууралуу 15-ноябрда «Азаттыктын» түз эфиринде энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Министр «Камбар-Ата-1» ГЭСи Кыргызстанга генерация түрүндө гана, ал эми суу жагынан Казакстанга жана Өзбекстанга «бизден да көбүрөөк керек» экенин, эгер инвесторлор менен натыйжа болбосо улуттук долбоор катары аны «келечекте өзүбүз саларыбызды» айтып, буга мүмкүнчүлүк «албетте жетет» деп билдирди.

«Садыр Нургожоевичтин өзүнүн айткан сөзү – кайсы инвестор келип, биринчи сала баштаса, ошону менен иштеп кете беребиз. Бүгүнкү күндө Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Орусия, Кытай менен «Камбар-Ата-1» боюнча өтө тыгыз, байма-бай талкуу жүрүп жатат», - деди ал.

2012-жылы Кыргызстан Орусия менен келишим түзүп, орус тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана «Камбар-Ата-1» ГЭСин курмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден чыккан.

Кийин орус тарап «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости