www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр: «COVID-19 боюнча режимди сакташ керек»

Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 16-февралдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, Европа өлкөлөрүндө коронавирус басаңдап калды. Орусияда акыркы бир айдын ичинде ооруну жуктургандар эки эсе азайып, Казакстанда буга чейин бир суткада 1500 кишиден илдет аныкталып жатса акыркы күндөрү 686га чейин түштү.

«Ошол эле учурда биздин республикада абал туруктуу болуп жатат. Бирок дагы деле лаборатория жол менен тастыкталып жаңы учурлар катталууда. Демек, алдын алуу иштерин токтотуунун кажети жок. Режимди сактап турушубуз керек».

Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча 16-февралга карата коронавирус пандемиясы башталган былтыркы март айынан бери илдеттин курмандыктары 1 444 кишиге жетти.

Оору жуккандардын жалпы саны 85 564 адам. 82 391 киши оорудан айыкты.

Азыр ооруканада 420 адам жатат, алардын 115нин абалы оору, 29у өтө оор абалда. 372 бейтап үйдөн дарыланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости