www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиянын тарифи 26 тыйынга көтөрүлөт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, 1-майдан тарта бардык керектөөчүлөр үчүн электр энергия 26 тыйынга кымбаттайт.
«Учурда документ жана тиешелүү процедураларды даярдоо иштери жүрүп жатат. Коомдук талкууга алып чыгуу үчүн ченемдик-укуктук акт даярдалууда. Азыр 26 тыйынга эмне сатып аласың? Эч нерсе, а түгүл ширеңке да ала албайсың», -деди Ибраев.
Ал тарифтин көтөрүлүшү өлкөнүн энергетика тармагына жакшы таасир тийгизерин кошумчалады.
«Былтыр тарифти 11 тыйынга көтөргөм, ошонун аркасында авариялык өчүрүүлөр 25%га азайды», - деди министр.
2024-жылдын 1-майынан бери электр энергиянын баасы 700 киловатт-саатка чейин керектелгенде 1,11 сом болууда.
2025-жылдын январь айынын башында Ибраев май айынан тарта тариф 1,37 сомду түзөрүн билдирген.